Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген аял жолдошун кечирип, тосмо арыз жазды

Күйөөсү, анткен менен жоопкерчиликке баары бир тартылат

Караколдо өзүнүн жарандык никедеги күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген келин жолдошун кечирип, тосмо арыз жазды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, келин үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында тосмо арыз жазган. Бирок, күйөөсү оор кылмышка шектелип жаткандыгына байланыштуу кылмыш иши баары бир токтотулбайт.

- Ал тергөө аяктагыча бошотулбайт, иш сотко өтөт, - дешти ОИИБда.

Кийинчерээк Фейсбук социалдык тармагында укук коргоочулар келин белгисиз телефон номурлардан келип түшкөн коркутуулардан улам тосмо арыз жазышканын жазып чыгышты. Жабырланган аял мындан кийин милицияга жазган тосмо арызынан баш тарткан. Жактоочулар Эсения Рамазанова, Назира Абдумуминова жана Жаныш Бараков келинге юридикалык колдоо көрсөтүшүүдө. 

Эске салсак, Каракол шаарында аялга кафенин жанынан бензин чачып, өрт коюп жиберишкен. Өлтүрүүгө аракет кылууга шектелип анын жарандык никедеги күйөөсү кармалган.

 

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх