Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дайынсыз болуп жаткан бир тууган ага-ининин биринин жансыз денеси Орто-Сайдагы флагштоктун жанынан табылды

Туугандары аны таанышты. Экинчи бир тууганды издөө иштери уланууда

Бишкектин чекесинде жайгашкан Орто-Сай айылындагы флагштоктун жанынан дайынсыз болуп жаткан ага-ининин бири - Кубат Асановдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына тартип коргоо органдарынан билдиришти.
- Анын денесинде күч колдонулуп өлтүрүлгөн белгилер табылган жок, - деп такташты милицияда. Сөөк бүгүн табылды.

Эске салсак, туугандар эки бир тууган ага-инини издеп жатышкан. Канат Асанов 9-январь күнү Ынтымак жаңы конушундай жайгашкан үйүнө чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Агасы Кубат 15-январда жоголгон. Ал Заречное айылында жашап келгени айтылган.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх