Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Болот Ибрагимов менен журналист кыздын ортосундагы жаңжал. Бул ирет активист окуянын видеосун жарыялады (видео)

Ал жол эрежеси бузулганын маалымдап, жарандык милдетин гана аткарганын баса белгиледи

Жарандык активист Болот Ибрагимов интернетте жарыяланган видеого жооп катары, New TV телеканалынын журналисти менен орун алган чырдын өзү тарткан видеосун жарыялады.

Анын айтымында журналисттер маалыматты бир беткей кылып чагылдырышып коюшкан.

- Мен жол эрежеси бузулуп жаткан фактыны көрүп, Кайгуул милициясынын кызматкерлеринен буга чара көрүүнү сурангам, - деп түшүндүрдү Ибрагимов. - Мен бардык жерде тартиптин орношун каалайм жана тийиштүү органдарды чара көрүүгө чакырам.

Эске салсак, NewTV телеканалынын кабарчысы Элиза Балбакова менен жарандык активист Болот Иббрагимовдун ортосунда чыр чыгып, активист журналистти «оозун басып, унаага отурууга» чакырган.

Кийинчерээк ал Vesti.kg сайтына окуянын өз версиясын айтып берген.

Фото и видео www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх