Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү Москвада дарыланып жаткан Самат Курманкуловдон кабар алып келишет

Чүй облусунун БИИБнын башчысын алып келүү маселеси ачык бойдон калууда

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү Москванын реабилитациялык борборунда дарыланып жаткан Самат Курманкуловдон кабар алып келишет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев маалымдады.

Анын айтымында Курманкуловду Бишкектеги ооруканага алып келүү маселеси азырынча ачык бойдон калууда.
- Кийинки жумада кимдер барары чечилет. Балким, мен барам, - деди ал.

Буга чейин Мадемин Мусаевич Курманкуловдун абалы жакшырып баратканын Vesti.kg сайтына билдирген эле.

Эске салсак, Самат Курманкулов 7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Ташта жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө башынан оор жаракат алган.
12-августта ал Москвадагы Н.Н. Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна жеткирилген.

Кийинчерээк, 12-сентябрда Чүй облусунун БИИБнын башчысын Москвадагы реабилитациялык борборлордун бирине которушкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх