Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Япониянын круиздик лайнеринде кыргызстандык жаран коронавирус жуктуруп алды

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул тууралуу кабардар экенин билдирди

Япониядагы Diamond Princess круиздик лайнеринде коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Кыргызстандын бир жараны бар. Бул тууралуу World of Cruising журналы жазып чыкты.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бул боюнча кандай чараларды көрөрү азырынча белгисиз.

Министрликтин басма сөз кызматы өпкөнүн сезгентүүчү вирусту жуктуруп алган кыргызстандык жөнүндө алар билишерин айтышты.

- Бул жагдай боюнча кийинчерээк комментарий беребиз, - деп мекеме Vesti.kg сайтына жооп берди.

World of Cruising журналынын маалыматына ылайык, кемеде COVID-19 (буга чейин жаңы коронавирус катары белгилүү болчу) вирусун дагы 67 адам жугузганы аныкталган.

Алардын арасында Япониянын 27 жараны, 5 филиппиндик, Австралиянын 5 жараны, АКШлык 5 киши, Канаданын 3, Кытайдын 3, Германиянын 3, Гонкконгдун 1, Кыргызстандын 1, Индиянын 1 жана Тайвандын 1 жараны бар. Бул маалыматты ЖМКлардын маалыматына ылайык, Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлиги ырастаган.

Лайнердин ичинде жалпысынан 3 миңден ашык адам болгон.

Белгилүү болгондой, лайнер 5-февралда Иокогамага 14 күндүк карантинге токтотулуп, ал 19-февралда аяктаган.

Февраль айынын башында кемедеги Гонконгдун тургунунда коронавирустун белгилери пайда болуп, андан кийин бир нече жүргүнчүнүн абалы начарлап кеткен.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх