Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто кармалган ОПГ мүчөлөрүнүн арасында Матраимовдун өкүл баласынын бир тууганы да барбы? (видео)

Кармалган шектүүнүн агасы Кара-Суу районунда айыл өкмөтү болуп иштейт

«Инсайдер» аты менен Твиттер социалдык тармагында жазылган колдонуучу Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн милиция кызматкерлери кармаган видеосун жүктөгөн. Кармалгандардын арасында МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун өкүл баласы экени айтылып жүргөн Мунар Сайпидиновдун бир тууганы да бар болуп чыккан.

Видеодогу жашыл курткачан адам Мурат Сайпидиновдун бир тууганы - Нурбек Раимбеков экени маалымдалат. ЖМКлар тарабынан Матраимовдун өкүл баласы экени айтылып жүргөн Мурат Сайпидинов Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүн башкарат.


Тартип коргоо органдарындагы өздүк булак кармалгандардын арасында чындыгында эле Раимбеков бар экенин Vesti.kg сайтына ырастады.

- 29 -январда Ош шаарынын чок ортосунда жайгашкан «Изюм» ресторанынын жанынан уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалган, - деп такташты милицияда. - Кармалгандар бейбаштыкка шектелишүүдө. Буга чейин алар ОПГ мүчөлөрү катары каттоодо турушкан. Алардын арасында чындыгында эле Нурбек Раимбеков болгон. Алар марттын аягына чейин СИЗОго камакка алынышты.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх