Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Япониядагы лайнерден коронавирус жуктуруп алды делген кыргызстандыктын каютадагы коңшусунан бул илдет табылган

ТИМдин маалыматына ылайык, өпкөнүн сезгентүүчү вирусу азырынча КРнын жаранында тастыктала элек. Абалы канааттандырарлык, дары-дармек берилген жок

Коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышы боюнча абалдын күчөп жатканына байланыштуу Кыргызстандын Япониядагы элчилиги Күн чыгыш өлкөсүндөгү КРнын жарандары менен тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.

Элчиликте биздин мекендештерге укуктук-консультациялык жана башка жардам көрсөткөн ыкчам штаб күнү-түнү кызмат кылууда.

КРнын Япониядагы элчилиги 6-февралдан тарта «Diamond Princess» круиздик лайнериндеги коронавирусту жуктуруп алган деп шектелип жаткан КРнын жараны менен тынымсыз байланышты кармап жатат. Элчилик Япониянын ТИМи жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен дагы үзгүлтүксүз байланышта.

Япониянын компетенттүү органдарынын маалыматтарына ылайык, биздин мекендешибиздин каютадагы кошунасында коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу, ага да жугушу мүмкүн деген шек жаралган. Муну менен бирге КРнын жаранынын абалы канааттандырарлык экени, дене-табы көтөрүлбөгөнү, медициналык дарылоого муктаж эмес экени маалымдалат. Бейтап көзөмөлгө алынды, өзүнүн айтымында да абалы жакшы.

КРнын жарандары мекенине эвакуация кылууну суранып, элчиликке кайрылган учур каттала элек.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх