Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги № 5-бала бакчанын директору менен тарбиячылары жарым миллион сомдон ашык акчаны менчиктештирип алышкан

23 бала электрондук кезексиз бала бакчага алынган

Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы № 5-бала бакчаны текшерүү учурунда мекемеде одоно мыйзам бузууларга жол берилгенин аныктаган. Бала бакчанын М.Д. аттуу директору жана тарбиячылары 2017-2019-жылдар аралыгында ата-энелердин балдары үчүн төлөгөн 396, 7 миң сомду менчиктештирип алганы белгилүү болгон.

Мындан сырткары, прокуратура М.Г. аттуу бала бакчанын кызматкерине 156.4 миң сом айлык төлөнгөнүн, ал мекеменин директорунун бир тууганы экенин жана бакчада эч качан иштебегенин аныктаган.

23 бөбөк бала бакчага электрондук кезексиз киргизилип, мыйзамдуу түрдө мекемеге катталбастан барып жүрүшкөн. Алардын ата-энеси акчаны касса аркылуу эмес, тарбиячылардын колуна берип келишкен. Алынган акча каражаттары борбор калаанын Биринчи май райондук Билим берүү борборунун эсебине которулуунун ордуна бала бакчанын директорунун чөнтөгүнө түшүп турган.


Директор М.Д. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жалпысынан 2017-2019-жылдар аралыгында 553,1 тыс. сомду менчиктештирип алган.

2020-жылдын 11-февралында Биринчи май райондук прокуратура тарабынан текшерүүнүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх