Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Самат Курманкулов дагы эки айдай Москвада дарыланат

Чүй облусунун БИИБнын башчысынын жубайы саламаттыкты сактоо министринин орун басары, ошондой эле вице-премьер министр менен жолукту

Кой-Таш айылындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө жасалган атайын операция учурунда башынан катуу жаракат алган Чүй облусунун БИИБнын башчысы Самат Курманкулов дагы эки айдай Москвада дарыланат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев маалымдады.

- Анын жубайы азыр Бишкекте, биз аны менен жолуктук, ал ошондой эле вице-премьер-министрдин дагы кабыл алуусунда болду, - деп тактады ал. - Мындан сырткары, мен Курманкуловду дарылап жаткан дарыгер менен дагы сүйлөштүм. Биз ал дагы эки айдай Москвада дарыланат деп чечтик.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх