Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Сен мас турбайсыңбы, токтот!». «Лексустун» айдоочусу Бишкектин чок ортосун дүрбөлөңгө салды (видео)

Кайгуул кызматы мыйзам бузуучу 12-микрорайондон кармалганын билдирди

Бишкекте жөө жүргүнчүлөр алдында турган унааны чийип, айдап кеткен «Lexus GX470» жолтандабастын айдоочусун камерага тартып алышкан. Видео жарандык активист Болот Ибрагимовдун баракчасында жүктөлгөн.

Анда мас экени билинип турган эркек адамды жолоочулар унаасын токтотууну суранып жатышканын көрүүгө болот. Бирок, айдоочу алардын эскертүүсүнө карабастан дагы башка эки унааны сүзө жаздап айдап кетип калган.

«Лексустун» айдоочусунун унаасын башкарганы тегеректегилердин үрөйүн учурган - ал бир нече жолу унаасын чукул айдап жиберип, кайра чукул токтотуп, андан соң из жашырып кеткен.

Ал ортодо ИИМнин Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы Vesti.kg сайтына аталган айдоочу 12-микрорайондо кармалганын билдирди. Автоунаа айып короого токтотулган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх