Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Молдомуса Конгантиевдин уулун ур-токмокко алган деп шектелип кармалган Эмилбек Кимсанов үй камагына чыгарылды

Баш коргоо чарасын өзгөртүүгө мурдагы бажычынын жаш балдары негиз болгон

ИИМнин Тергөө кызматынын кызматкерлери 22-февралда бажы тармагынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановду ИИМнин экс-башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулун ур-токмокко алууга шектеп кармашкан. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына тартип коргоо органдарындагы жеке булактар ырастады.

Vesti.kg Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына кайрылып, алар бул маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

«24.kg» Маалыматтык агенттиги баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Башкы прокуратуранын өкүлдөрү өтүнмө кат киргизишкенин билдирди. Буга байланыштуу Vesti.kg Башкы көзөмөл органына да кайрылды.

Иш ИИМнин кароосунда, - деп жооп беришти Vesti.kg сайтына Башкы прокуратурада. - Сотко чейинки өндүрүш уланып жатат. Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-февралда Кимсановго карата үй камагына алуу баш коргоо чарасын тандаган. Бул ИИМнин өтүнмөсү болчу. Кимсановдун карамагында жашы жете элек балдары болгону буга негиз болгон. Биздин прокурор бул ишти карап чыгып, бул негиздемеге макул болгон. Баш коргоо чарасы боюнча чечимди судья Боронбаев кабыл алган.

Эске салсак, МБКнын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов менен эрежесиз эр уруш мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулун сабоого шектелип жатышкан.

Чүй облусунун БИИБ Автандил Конгантиев аларга дооматы жок экенин билдиргенин маалымдаган.

Мындан сырткары, Эмилбек Кимсанов Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун өкүл баласы деген да божомолдор айтылган. Бирок, кийинчерээк ЖК депутаты Искендер Матраимов Vesti.kg сайтына бул сөздөрдү четке каккан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх