Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Бишкек мэриясында бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча коррупциялык схеманы аныктады

Дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы кол алдындагы жооптуу адамдар менен биргеликте бюджеттик каражаттарды өзүнө байма бай ыйгарып алып жүргөн

Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан Бишкек шаардык мэриясынын дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды.

Такталгандай, дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы «Д.Д.Б.» жооптуу адамдар менен биргеликте, спортчуларды машыгууга чыгуусун күбөлөңдүргөн фиктивдүү документтерди жасоо жолу менен бюджеттик каражаттарды өздөрүнө системалуу түрдө ыйгарып алып турган, бирок, ал машыгуулар уюштурулган эмес. Иш жүзүндө машыктыруучулар жана спортчулар аталганкагаз жүзүндөгү машыгууларга бюджеттик каражаттан 3 млн сом сарптаганы аныкталды.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-б. (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

КР УКМК Басма-сөз борбору
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх