Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад облусундагы психиатриялык ооруканада дарыланып жаткан келин өзүнө бычак сайып жиберди

Милиция кызматкерлерине келин үйүнө кеткиси келгенин түшүндүргөн

Жалал-Абад облусундагы психиатриялык ооруканасында дарыланып жаткан бейтап аял өзүнө бычак сайып жиберген. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аймактын ИИБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгиленгендей, окуя үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында эле орун алган, бирок, милицияга кабар 17-февралда гана түшкөн.

- 27-жаштагы келин милиция кызматкерлерине үйүнө кеткиси келгенин жана өзүнө бычак сайып жиберсе, аны кое беришет деп ойлогонун айтып берген. - Келиндин апасы эч кимге арыз-доосу жок экенин билдирген.

Милициянын маалыматына ылайык учурда ал психиатриялык ооруканда дарылануусун улантып жатат, абалы канаттандырарлык.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх