Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кантта батирге кирген ууру чөнтөгүнө катып чыккандарды камеранын алдында чыгарган (видео)

Ал байпагына кийирип койгон шымынын багалегине планшет жана алтын буюмдарды катып койгон

Кечээ Кант шаарында батирге кирген ууру кармалды. Жеринен кармалган уурунун чөнтөктөрүн милиция кызматкерлери текшерип жаткан видео социалдык тармактарда тарады. Видеодо жарандык кийимче адамдар тартип коргоо органдарынын күбөлүктөрүн көрсөтүп, спорттук кийимчен адамдын кийимдерин текшерип жатканын көрүүгө болот. Жергиликтүү жашоочулар окуяны телефондун камерасына тартып алышкан.

Канттын 3-микрорайонунда жашаган аялдын айтымында ал коңшулары менен анын бош батиринде шыбырттарды угуп калган. Көчөдө күтүп туруп, эшикке жалгыз чыккан бейтааныш эркекти кармашкан.

Милиция кармалган адамдан чөнтөгүндө жана барсеткасында салынган буюмдарды унаанын үстүнө коюусун талап кылган. Ал милиция кызматкерлерине эч кандай батирге кирбегенин жана ошол жерден алыс эмес үйдө жашаарын жана чөнтөгүнө табылган ачкыч өзүнүкү экенин айтып ишендиргенге аракет кылган. Бирок, батириме ууру кирди деген аял да ачкычты меники деген.

Тартип коргоочулар кармалган эркектен телефон, планшет табышкан. Ошондой эле ал байпагына кийирип койгон шымынын багалегине зер буюмдарды катып койгон. Тонолду делген батирдин кожойкеси гаджеттери менен алтындарын тааныган.

Видеодо ууру деп шектелип жаткан адамды кызматтык унаага салышканын көрүүгө болот.
Чүй облусунун БИИБ Vesti.kg сайтына чындыгында эле уурулукка шектелип адам кармалгынан ырастап, окуя кечээ орун алганын жана учурга тергөө амалдары жүрүп жатканын маалымдашты.

Ольга Федорчук
Фото www
Видео Facebook

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх