Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ОПГ Оштун ишкерлерине күн көргөзбөй жатат. Ишкердин унаасын тартып алышып, 13 миң доллар акча доолашкан

Ош ОИББнын кызматкерлери шектүүлөрдү кармашты. Алардын бири тартып алган унааны бейкапар айдап жүргөн

2020-жылдын февраль айында Ош облусунун ИИБна ишкерлик менен алектенген жаран кайрылып, ага карата опузалап акча талап кылуу жана мүлкүн тартып алуу фактылары болгонун билдирген.

2020-жылдын февраль айынын башында азия улутундагы белгисиз адамдар Ош шаарынын кичи райондордун биринен ишкерди коркутуп анын «Opel» үлгүсүндөгү автоуунасын тартып алышып, өздөрүнө мажбурлап каттатып алышкан. Бир нече күндөн кийин ошол эле адамдар коркутуу жолу менен 3000 миң доллардан ашык акча каражатын тартып алышып, андан ири суммадагы акчаны да талап кылышкан. Алар доолаган акча каражатынын жалпы суммасы - 13 000 АКШ доллары.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Бардык белгилер кылмыш ишин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жасагандыгын көрсөткөн. Облустун ИИБнын Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү кызматы ыкчам иштерди жүргүзө баштаган.


Опузалап талап кылган 2800 доллар өлчөмүндөгү кезектеги акчаны алып жаткан жеринен шектүүлөрдүн бири, буга чейин бир нече жолу соттолгон Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган Р.З. аттуу тургуну кармалган. Экинчи шектүү - ошол эле Кара-Суу районунун 1992-жылы туулган И.М. аттуу тургуну жабырлануучудан тартып алышкан «Opel» үлгүсүндөгү унааны тээп жүргөн жеринен кармалган.

Ош облусунун ИИБнын Криминалдык милиция кызматынын маалыматына ылайык, эки кармалган шектүү тең ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турушат.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда. Аталган кылмышка катышы бар башка шектүүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатат.


ИИМнин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх