Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Таасирдүү юристтин тууганы» Ошто юристке кол салды (видео)

«Лексустун» айдоочусу Хусанбай Салиевди бетке уруп, тааныштары көп экенин, андыктан эч кимден коркпосун айткан

Ош шаарындагы Салиев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз эркек киши юрист Хусанбай Салиевге кол салды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Валерьян Вахитов билдирди.

Анын айтымында окуя 26-февраль күнү болжол менен саат 17:30да болуп өткөн. «Лексус» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, Салиевдин унаасынын алдынан чыгууга аракет кылып, андан кийин ага машинесин токтотууну талап кылган. Унаадан чыккан Салиевди спорттук дене түзүлүштөгү адам кокустан бетке уруп жиберген.

- Салиев унаадан түшкөндө айдоочу менен саламдашат, бирок, тигил айдоочу дароо аны бетке чаап жиберген, - деди Вахитов. - Салиев жай сүйлөшүүгө аракет кылган, бирок, кол салган адам аны уккусу да келген эмес, ири аткаминердин тууганымын деп айтып, ооз алгыс сөздөр менен тилдеп баштаган.

Жаңжалды көргөн Салиевдин кесиптештери аларга басып келишет. Хусанбайдын суранычы менен алар милиция кызматкерлерин чакырышкан, бирок, «Лексустун» айдоочусу изин суутуп кеткен.

- Бүгүн ал судмедэкспертизада болду, жыйынтыктары жакынкы арада билинет, - деп белгиледи жактоочу. - Кол көтөрүү, оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, коркутуп-үркүтүү -адепсиздиктин жеткен чеги. Мыйзамдын негизинде жооп берсин.

Вахитов ур-токмокко алуу боюнча арыз жазылып, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кошумчалады. Жабырлануучу медициналык жардам сурап кайрылган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх