Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мас адам кайгуул милициясынын унаасынын терезесин сындырып салды (видео)

Бейбаш Свердлов РИИБне жеткирилди

Бишкекте мас адам кайгуул милициясынын унаасынын терезесин сындырып салды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КМКБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 24-февралында өткөн.

-Белгисиз мас абалындагы эркек киши Бишкектин Аул көчөсүндө өзүн абдан агрессивдүү көрсөтүп, кайгуул милициясынын кызматкерлери тартипке чакырганына баш ийбей, тескерисинче аларды оозго алгыс сөздөр менен тилдей баштаган. Тартип сакчылары анын колдорун толгоп, патрулдук унаага салышканда, ал унаанын арткы терезесин сындырып алган.

Кийинчерээк кармалган адам 25 жаштагы Г.У. экени аныкталган. Ал Свердлов РИИБне жеткирилген.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх