Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалды (видео)

«Чач» каймана аты менен белгилүү алардын бири ыкчам кызматкерлерди сөгүп, коркуткан

Өткөн шаршемби күнү, 2020-жылдын 26-февралында Бишкек ШИИБнын КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери "мыйзамсыз баңгизатын сатуу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишинде шектүү катары ИИМде Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары катталган, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1988-жылкы М.Э. аттуу жаранды кармашкан. Шектүү «Чач» каймана атына ээй.

М.Э. айдап жүргөн чет элдик мамлекеттик номурлуу «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаанын салонунан ок атуучу курал табылган.

Шектүүнү Бишкек ШИИБне жеткирүү учурунда ал милиция кызматкерлерине баш ийбей, оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, аларды коркутууга аракет кылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Мындан сырткары, Бишкек ШИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан көз боёмочулукка шектелип, качып жүргөн кезектеги шектүүнү кармашкан. Ал ИИМде Көлбаевдин ОПГ мүчөсү катары каттоодо турганы белгилүү.

Шектүү 2018-жылы Г.Н. аттуу аялдын ишенимине кирип, 2004-жылкы «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаасын ижарага алып, башка адамдарга сатып жибергени аныкталган.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх