Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Круиздик лайнердеги кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

Учурда ал Япониянын ооруканаларынын биринде дарыланууда

«Diamond Princess» круиздик лайнеринде иштеген кыргызстандыктан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов басма сөз жыйыны учурунда маалымдады.

Ал 26-февралда анализ алынып, ооруну жуктуруп алганы белгилүү болгон.

«Биздин мекендешибиз учурда Япониянын ооруканаларынын биринде. Ал жакка ал кошунасынан коронавирус аныкталгандан кийин жаткырылган. - Абалы канаттандырарлык, оорунун белгилери жок. Япондук дарыгерлер тынымсыз анализдерди алып, дене табын текшерип жатышат.

Эске салсак, 18-февралда «Princess Cruises» компаниясы коронавирус жуктурган жүргүнчүлөрдүн арасында бир кыргызстандык бар экенин маалымдаган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх