Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кью Спорттун» чыры. Финполго каналдын мыйзамсыз экономикалык ишмердүүлүгү боюнча материалдар өткөрүлүп берилет

 Спорттук телеканал Маданият министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация департаментин уруксаты жок обого чыга баштаган

«Кью Спорт» телеканалы Маданият министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация департаментине билдирбестен обого чыга баштаган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган департаменттин директорунун орун басары Бектур Ибрагимов билдирди.

Анын айтымында, «Кью Спорт» каналы трансляцияга уруксат алган эмес.

- Биз маселенин бардык жагдайларын  карап чыгуудабыз, бүгүн Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине расмий суроо менен кайрылабыз, - деп тактады Ибрагимов. - Канал биздин уруксатыбызсыз обого чыгып жатканын белгилеп кетмекчибиз. Иштин материалдары мыйзамсыз экономикалык ишмердүүлүк боюнча Каржы полициясына жиберилет.

Эске салсак, Чемпиондор Лигасынын, Европа жана АПЛ Лигаларынын футболдук беттешүүлөрдүн түз алып көрсөтүү укугун сатып алган «Кью Спорт» компаниясы «Ала ТВ» кабелдик телеканалы аркылуу көрсөтүүлөрүн тесттик режимде чыгара баштаган.

Гулиза Чудубаева

Фото www

 

 

 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх