Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулук районунда күйөөсү бензин чачып жиберген аял күйүктөн алган жаракатынан көз жумду

Мас күйөөсү «тамакты кеч бышырасың» деп аялына ачуусу келип, үстүнө бензин куюп жиберген

Сокулук районун ИИБне 12-февралда аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө күйүктөн алган жаракаты менен аял келип түшкөнү тууралуу кабар келип түшкөн. Жабырлануучу эртеси эртези каза болуп калгань.

Жерине барган Сокулук РИИБнын ыкчам-тергөө тобу аялдын аты-жөнүн тактаган. Ал Сокулук районундагы айылдардын биринин М.О. аттуу тургуну экени белгилүү болгон.

Аталган факты Сокулук районунун РИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын Автоматтык маалыматтык системасына катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Сокулук РИИБнын милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары маркумдун 46 жаштагы М.А. аттуу күйөсүн кармашып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуя болгон күнү шектүү үйүнө мас абалында келип, аялына тезирээк тамак жасап берүүсүн талап кылган. Аялы электр мешине тамак бышырып жатканына ачуусу келген эркек ага желим бөтөлкөдөгү бензинди чачып жиберип, тамакты газга коюшун талап кылган. Газды жандырган учурда аялды өрт каптап, ооруканага жеткирилген. Алган жаракатынана улам ал бир күндөн кийин көз жумган.


Чүй облусунун ОИИББнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх