Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын ККК Бишкек шаарынын Ленин райондук салык башкармалыгынын бөлүм башчысын пара менен кармады (сүрөт)

Аны менен кошо салык кызматынын инспектору да кармалды

Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруунун алкагында, 2020-жылдын 6-мартында КР УКМК ККК кызматкерли тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук салык башкармалыгынын бөлүм башчысы Н.Ш. жана инспектору С.Р. кармалды.

Такталган боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жооптуу кызматтагы адамдар жеке компаниянын бухгалтеринен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечип берүү үчүн 25 000 АКШ долларын талап кылган.
2020-жылдын февраль айларында салык кызматынын инспектору С.Р. белгиленген сумманын бир бөлүгү 5000 АКШ доллар акча каражатын алган.

2020-жылдын 6-мартында Бишкек шаарынын Ленин райондук салык кызматынын башчысынын жана инспекторунун кызматтык кабинеттерин тинтүүнүн жүрүшүндө жеке компаниянын салык боюнча текшерүүгө көрсөтүлгөн документтери табылып алынды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды

Кармалган адамдар КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх