Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жеңил унаа «Космопарктын» тосмосун талкалап кетти (фото)

 Айдоочу унаасын башкара албай, жолдон чыгып кетип, соода борборунун отургучтарын талкалап, имараттын тепкичин сүзүп токтогон

Бишкекте Хендей Соната автоунаасын айдаган 27 жаштагы айдоочу унаасын башкара албай, «Космопарк» Соода борборунун тосмосун талкалап кеткен. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына шаардык Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, айдочу жолдон чыгып кетип, отургучтарды талкалап, бакка урунуп, андан кийин соода борборунун тепкичтерин сүзүп токтогон.

Жол кырсыгы бүгүн 06:40та орун алды, - деп маалымдашты кайгуул кызматынан. - Автоунаа айып коргоого киргизилип, окуянын чоо-жайы текшерилип жатат.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх