Бишкектеги түнкү клубдун күзөтчүсү кардарды ур-токмокко алганы камерага түшүп калган (видео)
Мекеменин администрациясы комментарий берүүдөн баш тартты. Милиция видеону иликтөөдө
Бишкек шаарындагы Nirvana түнкү клубунуну күзөт кызматкери кардарды ур-тепкиге алган. Окуянын видеосу @Black_list.kg инстаграм-аккаунтуна жүктөлдү.
Видеодо спорттук дене түзүлүштөгү эркек киши кардарды сабап жатканы көрүнөт. Соккудан ал бир нече жолу жерге жыгылганын көрүүгө болот. Бул маалда клубдун кире беришинде күзөтчүдөн сырткары үч эркек окуяга кызыгуу менен көз салып турган.
Ал ортодо Бишкек ШИИБси видеотасманы иликтеп башташканын жана толук маалыматты кийинчерээк бере алышарын Vesti.kg сайтына билдирди.
Клубдун администрациясы комментарий бере алган жок.
Эльдос Казыбеков
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз