Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирус Казакстанга келди. Германиядан учуп келген эки казакстандык вирусту жуктуруп алганы белгилүү болду

 Алар Алматынын инфекциондук ооруканасына жаткырылды

Алматыга Германиядан учуп келген эки казакстандык жарандан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымдайт.

Басылманын маалыматтарына ылайык, экөөнүн тең абалы канаттандырарлык, оорунун белгилели жок.

Ошондой эле алар учуп келген учактын жүргүнчүлөрүн бардыгы да карантинге алынганы белгиленди.

«Биз үч айдан бери коронавируска каршы күрөшүп жатканыбызды жакшы билесиздер. Өлкө аймагына вирусту киргизбеш үчүн бардык керектүү иш-чараларды колдонуп жаттык. Бүгүн эки жараныбыздан вирус аныкталды. Алар Германиядан учуп келишкен. Жабыркагандар Алматы шаарындагы инфекциондук ооруканага жаткырылды», - деп билдирди Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов.

Белгилүү болгондой, биринчи бейтап 9-мартта, экинчиси 12-мартта учуп келген.

Эске салсак, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, учурда коронавирус дүйнөнүн 114 мамлекетинде аныкталды. Кыргызстанда учурда коронавирус аныкталган учур каттала элек.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх