Аксы районундагы мектеп окуучусунун аёосуз сабалышы: Өспүрүмдөр баланы зордуктайбыз деп коркутушкан
Сабалган окуучунун апасы коомчулуктун үрөйүн учурган окуянын чоо-жайын айтып берип, эмнеге тосмо арыз жазып бергенин түшүндүрдү
Интернетке Аксы районундагы өспүрүмдөрдүн тобу өзүнүн эле курдашын сабап жаткан видео тарагандан кийин жабырланган баланын апасы менен Би-Би-Си кыргыз кызматынын журналисттери байланышкан.
Баланын апасы журналисттерге берген маегинде окуянын экинчи видеосу бар экенин, анда уулун сабагандар аны «зордуктайбыз» деп коркутушканын айтып берген. Эне атын атоодон баш тарткан".
- Ошол күнү бир жакка кеттим эле, - деп сөзүн баштаган эне. - Келсем балам үйдө жатыптыр. Эмне болдуң десем, "башым эле ооруп жатат" деп эч нерсе айтпай койду. Эртеси күнү абалы дале ошондой. Отун-сууга жардам бер десем ага жараган жок. Мен тумоолоп калды го деп, дары-дармек берип койдум. WhatsApp өчүк эле. Бирдик салсам эле видео келди. Ачканда эле баламдын ыйлай баштаганын көргөндө, өзүмдү жоготуп, көрө албай калдым. Жүрөгүм титиреп, турган жеримден эле дендароо болуп калдым. Дароо мектепке чалдым. Балам кечээ ушундай кордук көрүптүр дедим. Тез келиңиз дешти. Барсам, "кечээ келбейт белең" дейт. Азыр билсем, анан кантип кечээ келмек элем дедим. Балам такыр эле жашырып, айтпай туруп алды. "Эркекпиз" деген бир түшүнүктөрү бар эмеспи.
- Баланын атасы кайда?
- Орусияда иштеп жүрөт. Угуп алып аябай жаман абалда калды. Айлыгын ала албай жатыптыр. Бутум жеткен жерге чейин барам деп ачууланып жүрөт.
- Сиз арыз жазып кайра арызыңыздан баш тартып койгон экенсиз…
- Ортого түшкөндөр болду да. Бүт эле классташтары экен. Бир айылдын балдары дегендей. Алар ортомчу кылып акемдерди ортого салышкан экен. Мен ал балдардын жүрөгүндө так калбасын деп, катуу деле айткан жокмун. Балалык кылышты го дедим.
-Акемдерди ортого салды дедиңиз, тагыраак айтып берсеңиз?
- Алар менин туугандарымды ортого салды. Эми элчилик дешти. Эми аларга кантип баш бербейм?
- Азыркы учуруда уулуңуздун ден-соолугу кандай?
- Кербендеги ооруканага алып бардым. Дарыгерлер баламды карап эч нерсе болбоптур го дешти. Мына деп видеону көрсөттүм. Баламдын абалын азыр орто деп айтам. Мээси чайкалыптыр. Бир жума жатып дарыланды. Дары-дармегин ошол ата-энелер төлөп берди. Негизи ошол окуя болгондо күнү-түнү кыйналып, ал жериме теппегиле бул жериме теппегиле деп жөөлүп, кыйкырып чыкты.
-Жергиликтүү жетекчилердин бирине чалганыбызда, "балдар кайра эле достошуп, жакшынакай ойноп жүрүшөт" деп айтып жатпайбы?
- Жок, андайды мен көргөн жокмун. Менин балам ал балдарга деле кошула койбойт го..
- Тергөө иштери кандай жүрүп жатат?
- Балам ооруканадан чыкканда дароо тосмо арыз жазып бердим. Ошону менен эч кыймыл болгон жок. Бүгүн анан интернетке чыгып кетиптир деп, кайра козголуп башташты. Буга чейин бирөө да ооз да ачып койгон эмес. Керек болсо ошол балдардын арасынан кээ биринин апасы "сен ким элең" дегендей эле карап жүрдү.
- Балаңыздын жүрүм-турумунда, мүнөзүндө ошол окуядан кийин кандайдыр бир өзгөрүү байкалдыбы?
- Балам такыр түнт эле. Эми азыр кичине бир нерсе сүйлөп, ачылып, жакшы болуп калды. Бул биринчи видеосу да эч нерсе эмес, экинчи видеосун жүрөгүң түтүп карай да албайсың.
- Интернетке тарап кеткен тасмадан башкасы дагы барбы?
- Ооба, дагы видео бар. Анысы эми үрөй учурат. Ал жерде эми ачыгын айтканда, шымыңды чечип, сени зордуктайбыз дегенге чейин жаман нерселер бар.
Эске салсак, Аксы районунда окуучулардын тобу өздөрү менен тең мектеп окуучусун ур-тепкиге алышкан. Окуянын видеосу кечээ Фейсбук социалдык тармагында пайда болгон. Анда бир нече өспүрүм жаш баланы бетке-көзгө койгулап, тепкилеп жатышканы көрүнөт.
Фото www