Башкы прокурор Дисциплинардык комиссияга пара менен кармалган Биринчи май райондук сотунун судьясы боюнча көрсөтмө али бере элек
Жогорку сот судья жумушуна чыгып, иштеп жатат деген маалыматты төгүндөдү
Жогорку соттун басма сөз кызматы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы М. Орозбакова жумушка чыгып, иштерди караштырып жатат деген ЖМКлардагы маалыматты төгүндөдү.
Белгилей кетсек, Конституциялык мыйзамдын 30-беренесине (Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу) ылайык, судья Башкы прокурордун көрсөтмөсү боюнча соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссиянын макулдугу менен кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Азыркы учурда аталган комиссияга судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча көрсөтмө берилген эмес.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз