Чек арадагы 670 кг героин. Улуттар аралык уюшулган баңгилик кылмыштуу топко катышы бар кыргызстандыктар кармалды
Баңги зат Борбордук Азия аркылуу Ирандан Евробиримдик өлкөлөрүнө ташылып турган
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (КР ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүтүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖККК) тарабынан КР ИИМдин Тергөө кызматы менен биргеликте Германиянын укук коргоо органдары тарабынан герман-поляк мамлекеттик чек арасынан, чоң жүк ташуучу автоунаада таттуу зат катары маскировкаланган, 670 килограмм салмактагы героиндин ири партиясын алуу фактысы боюнча иликтөө жүргүзүлгөн.
Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө жогоруда аталган героин партиясын ташып киргизүүгө тиешеси бар, Кыргыз Республикасынын, Түркиянын жана Нидерланд Падышачылыгынын жарандарынан туруучу, улуттар аралык уюшулган баңгилик кылмыштуу топ аныкталган. Аталган баңгилик топтун мүчөлөрү Ирандан Европа бирлигинин мамлекеттерине Борбордук Азия мамлекеттери аркылуу транзит менен өзгөчө ири өлчөмдөгү «героин» баңги каражатын ташуу каналын жөндөп алышкан.
Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында баңги каналынын бардык созулушу боюнча кылмыштуу байланыштар аныкталып, Кыргыз Республикасынын эки жараны кармалып, камакка алынып, аларга карата Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267- (сатуу максатын көздөп баңги каражаттарды мыйзамсыз даярдоо), 270-(бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн атайын эрежелери орнотулган предметтердин контрабандасы), 359-(документтерди жасалмалоо) жана 215-(кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу) беренелеринде каралган, кылмыштарды жасагандары үчүн шектенүү жөнүндө кабарлама чыгарылган. Дагы бир Кыргызстандын жаранына эл аралык издөө жарыяланган.
Мындан аркы иш-чараларды жүргүзүүдө, Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын ноябрында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан мамлекеттер аралык издөөгө жарыяланган, улуттар аралык уюшулган кылмыштуу топтун лидери – Түркиянын жараны аныкталып, 2020-жылдын 2-мартында Түркиядан эки активдүү мүчөсү менен бирге кармалган.
Мындан сырткары, Нидерланд Падышачылыгында көрсөтүлгөн кылмышты жасоого тиешеси бар баңгилик топтун активдүү мүчөлөрү кармалган.
Иликтөө иштери уланууда.
КР ИИМ БМЖКККнын Басма сөз кызматы
Фото www