Бачабаздык үчүн издөөдө жүргөн Түркия жараны Бишкектин окуу жайларынын биринде иштеп жүргөн жеринен кармалды
Чет элдик жаран Кыргызстанда 2018-жылдан бери жүргөн
КРнын ИИМнин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы Түркиянын тартип коргоо органдары жана Интерпол тарабынан Түркияда жашы жете элек кызга асылганы үчүн издөөгө алынган 1984-жылкы А.С. аттуу Түркиянын жаранын кармады.
Шектүү Кыргызстандын аймагында 2018-жылдан бери Бишкектеги окуу жайлардын биринде кара жумушчу болуп иштеп жүргөнү аныкталган.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган шектүү 1 айга СИЗО-1ге камалды. Учурда аны экстрадициялоо маселеси каралууда.
КРнын ИИМнин басма сөз кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз