Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө жаш баланы «Мегаком» компаниясынын трансформаторунан токко урунган (фото)

 

Баланын атасынын айтымында дарыланууга көп акча каражаты кеткен, бирок, уюлдук компания алар сураган кенемтени төлөп берүүдөн баш тарткан

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 11 жаштагы Нурдан Абдыбеков «Альфа Телеком» компаниясынын трансформатору ток уруп жабыркаган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына баланын атасы Кенжебек Арыкбаев билдирди.

Анын айтымында окуя 2019-жылдын 16-октябрында эле болуп өткөн.

- Биз тоодо кашарда жашап, мал багабыз, - деп тактаган Арыкбаев.
– Уулум күн сайын мектептен кийин мага мал карашып жардам берет. 16-октярда ал койлорду айдап баратып, «Альфа Телекомдун» трансформаторунун жанынан өтүп бара жатканда ток урган. Ошол күндөн эки-үч күн мурда бизде жаан жаган, ошондон болду окшойт.

Бала үйгө келип, ата-энесине токко урунганын айтып берген. Аны дароо райондук ооруканасына алып барышкан.

- Нурдан үч күн кайра жандандыруу бөлүмүндө жатты, - деди баланын атасы. - Андан кийин бир жарым ай дагы ооруканада дарыланды. Азыр деле дарыгерлер үйдөн дарылап жатышат. Колу-буттары толугу менен айыккан жок. Унутчаак, алсыз болуп калды. Мурдагы уулум жок. Жалпы-жонунан дарыланууга 60 миңдей акча кетти. Түп ооруканасынын дагерлери бизди Бишкектен текшерүүдөн өтүүгө кеңеш беришти. Мен аны борборго дарыланууга жиберүү үчүн малымды сатууга аргасыз болдум. Азыр Нурдан апасы менен Бишкекте.

Абдыбеков окуядан кийин дароо эле тартип коргоо органдары менен «Альфа Телеком» компаниясынын өкүлдөрүнө арыз менен кайрылган.

- Компанинын өкүлү алар материалдык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдиришип, ишти сотко жеткирбөөнү суранышканын тергөөчү мага айтты, - деди ал. - Биз дарыланууга 60 миңдей акча кеткенин айтып, 100 миң сом өлчөмүндөгү кенемте сурадык. Алар мынча акча төлөбөйбүздеп, 30 миң сунушташты. Биз ага макул болгон жокпуз. Иш ошол бойдон былк этпей турат.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх