Ноокат районунда өзгөчө кырдаал киргизилди
Райондун аймагана кирип-чыгууга чектөө коюлду
Үч жашоочусунан коронавирус аныкталган Ош облусунун Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Тийиштүү буйрукка Ноокат райондук администрациясынын башчысы, райондун жарандык коргоо башчысы Давранбек Маматалиев кол койду.
Буйрукка ылайык, өзгөчө кырдаал мезгилинде төмөнкүдөй убактылуу чаралар жана чектөөлөр киргизилет:
1) коомдук тартиптин сакталышы, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объектилерди, ошондой эле калктын жашоо ишмердигин жана транспорттун иштешин камсыздоочу объектилерди коргоо күчөтүлсүн;
2) эл көп чогулган мекемелер жабылсын;
3) райондук штабдык мүчөлөрүнөн сырткары, транспорттун бардык түрлөрү менен Ноокат районунун аймагына кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан чыгууга чектөө киргизилсин.
Жалпы жонунан бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 6 кишиден коронавирус чыкты. Алардын бардыгы Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан кайтышкан.
Фото www