Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл айылынын тургундары экинчи күн катары менен обсервациянын уюштурулушуна каршы чыгышууда

Тургундар жалпы айыл коронавирус жугузат деп чоочулап жатышат

Түп районундагы Ысык-Көл (Маяк) айылынын жашоочулары экинчи кү катары менен айылдан алыс эмес жерде обсервациянын уюштурулушуна каршы нааразычылык акциясына чыгышууда.
Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди. Анын айтымында жарандар түшүндүрүү иштерине карабай нааразычылыктарын билдирүүнү улантып жатышат. Буга чейин алар үй карантининин шарттарын бузган 8 адамды ооруканага алып кетүү үчүн айылга келген дарыгерлерди киргизүүгө да каршы чыгышкан.

- Түп районунда обсервация уюштурууга 4 жай бекитилген, - деп түшүндүрдү ал. – Бул Талды-Суу айылындагы оорукана, Түп айылынын аймактык ооруканасы, ошондой эле №2 –профтехлицецийи менен «Маяк» балдар билим берүү борборунун имараттары. Жарандар, кыязы обсервацияга коронавирусту жуктурган адамдар алып келинери туурасында ар кандай айың ушактарга ишенип алышкан окшойт. Бирок, ал жакта коронавирустук инфекцияга шектелген Түп районунун гана жашоочулары кармалат. Ал эми вирус бар экени аныкталгандар райондук оорукананын жугуштуу ооруулар бөлүмдөрүнө жаткырылат.

Кожоев жергиликтүү бийлик аймакта вирустун жайылышын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрүп жатканын тактады.

- Биз азыр жакшыга үмүт артканыбыз менен баары бир жагдайдын оорлошуп кетерине даярдып көрүп жатабыз, - деп белгиледи басма сөз катчы. – Бүгүн биз акциянын катышуучулары менен жолуктук, аким келди, ошондой эле медициналык кызматкерлер катышып, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мындан сырткары, биз тургундарга көп киши болуп чогулбоо зарыл экенин айттык, мунун баарын кандайдыр бир чагымчылдар уюштуруп жатат көрүнөт. Алар жолдорду тосуп, чет өлкөдөн жарандарды алып кетүү үчүн келе жаткан тез жардам унаасын өткөрбөй кармап турушту.

Белгиленгендей, дарыгерлер чет өлкөдөн келген 8 жарандан анализ алуулары керек эле.
- Айылдыктар жалпы айылга вирус жугат деп жатышат, - деп кошумчалады. Ал. – Бирок, чынында, обсервацияга алына турган ар бир адамды дарыгерлердин бригадасы өзүнчө алып кетет, башкача айтканда, шектелип жаткандар бири бири менен.

Эске салсак, облустук ыкчам штаб буга чейин Түп районунун Ысык-Көл айылынын бардык тургундарын изоляцияга алуу чечимин кабыл алган. Мындай чечим чет өлкөдөн келип, үй карантининин шарттарын сактабай койгон 8 айылдык үчүн келип чыккан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх