Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түп районунун тургундары менен милиция кызматкерлеринин ортосунда уруш чыкты (видео)

Сан-Таш айылына алыс эмес жердеги обсервацияга биринчи потенциалдуу бейтаптарды алып келишти. Коңшулары алардан илдетти жуктуруп алабыз деп коркушууда

Түп районундагы Сан-Таш айылынын тургундары менен милиция кызматкерлеринин ортосунда уруш чыкты. Окуянын видеосу бүгүн Инстаграм социалдык тармагындагы oppa.kg баракчасына жүктөлгөнв.

Видеонун алдында араздашууга айылга жакын жайгашкан «Маяк» балдардын ден соолугун чыңдоочу борборуна коронавирус менен жабыркаган адамдарды алып келгени себеп болгону жазылган.

«Түп районундагы «Маяк» балдардын лагерине Сан-Таш айылынын коронавирус жуктурган тургундарын алып келишти. Аймак мындан ары обсервацияга жабылмак. Жергиликтүү жашоочулар каршы чыгып, милиция кызматкерлери менен мушташып кетишти», - деп окуянын күбөсү айткан.

Буга чейин Vesti.kg өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоевдин жаңжал тууралууу берген маалыматын жарыялаган эле.

Фото www

Биздин Telegram каналыбызга кошулуп, эң орчундуу маалыматтарды окуңуздар!

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх