Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коронавирустан бир адам каза тапты. Дагы 9 кишиден оору аныкталды

Каза тапкан бейтап 61 жашта болгон

Кыргызстанда коронавирустан бир адам каза тапты. Бул тууралуу COVID-19 вирусуна каршы күрөш боюнча мамлекеттик штаб билдирди.

61 жаштагы бейтап Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасында көз жумду. Ал сырттан келип, стационаардык обсервацияда болчу. ПЦР анализ COVID-19 вирусу бар экенин көрсөтүп, бейтапка дарылоо жүргүзүлүп жаткан.

Коронавирустан сырткары каза тапкан адамдын башка да олуттуу илдеттери болгону белгиленди.

Мындан сырткары, коронавирустук инфекция менен жабыркаган дагы 9 учур катталды.

2020-жылдын 3-апрелине карата өлкөнүн ооруканаларында 125 адам коронавирустан дарыланууда. Төртөөнүн абалы оор, бир бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.

Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх