130га жетти. Кыргызстанда коронавирус дагы 5 адамдан чыкты
Жалпысынан бир сутка ичинде 14 жаңы учур катталды
Кыргызстанда дагы 5 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик штаб кабарлады.
- 3-апрель, саат 10:00гө карата өлкөдө коронавирус менен жабыркаган дагы 5 учур катталды, жалпысынан өткөн сутка ичинде 14 адамдан вирус чыкты, - деп билдирди штабдын басма сөз борбору.
Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө 130 адам вируска кабылды. 5 адам айыгып, бир бейтап оорудан көз жумду.
Манас Кольбаев
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз