Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда дагы эки адам коронавирустан көз жумду

Жалпысынан өлкөдө COVID-19 вирусунан каза болгондордун саны төрткө жетти

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда эки адам коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министрдин айтымында учурда 5 адам оор абалда, алардын ичинен экөө өз алдынча дем алып жатышат, үчөө жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.

Эске салсак, өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны төрткө жетти.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх