Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Санкт-Петербургда кыргызстандык аял жарандык никедеги күйөөсүнөн бычак жеп, ооруканага түштү

Аялдын алган жаракаттары «орточо оор» деп бааланууда

Кечээ Санкт-Петербург шаарынын борборунда кыргызстандык аялды жарандык никедеги күйөөсү бычак менен сайып жиберген. Окуя тууралуу «Невские события» агенттиги өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Бычакталган аял Марииндик ооруканасына жеткирилген.

Кырсык Галерная көчөсүндөгү № 17-үйдө орун алган. Жарандык никедеги аялына бычак менен кол салып, сайып жиберген күйөөсү полиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх