Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдук тургун: «Коронавируска шектелген адам жашаган подъезддин эшигин темир тосмо менен жаап салышты»

Аткаминерлердин айтымында тосмону ичинен жөп-жөнөкөй эле ачууга болот

Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин эшигин жашоочулар сыртка чыга алгыдай кылып сыртынан жаап салышты. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында активист Алена Хоменко жазып чыкты.

Анын айтымында аталган үйдө учурда обсервацияда жактан эркек жашачу. Ал үй-бүлөсү менен жашаган подъездге жакында темир тосмо ширетип салышкан.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн басма сөз кызматы үйдүн жашоочулары каалаган маалда ал эшикти ачып, эшикке чыга алышарын Vesti.kg сайтына ишенимдүү билдиришти.

- Ал жерде дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөн болчу, эшиктерин бекем жабылгыдай кылып биротоло оңдоп коюшту, - дешти алар. Коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн үй изоляцияга алынды, бирок, эч ким камалып калган жок, жашоочулар ал эшикти ачып чыга алышат.

Мекеме сөз болуп жаткан үйдө коронавирус аныкталган эки адам менен чогуу Ысык-Көлгө келген эркек киши жашаганын тастыктады.

-Азыр ал үй-бүлөсү менен обсервацияда, анализдердин жыйынтыгы чыга элек, - деп кошумчалашты алар.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх