Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунда санитардык-карантиндик постто нөөмөттө турган айылдык тургун сабалды

Кол салган адам автоунаасын Ак-Буура айылына өткөрүүнү талап кылган

Ош облусунун Кара-Суу районундагы айылдардын биринде санитардык-карантиндик постто нөөмөттө турган жергиликтүү жашоочу сабалды.

Аймактын РИИБнын басма сөз кызматы окуя кечээ болжол менен 15:30да орун алганын Vesti.kg сайтына билдирди.

Тартип коргоочулардын маалыматына ылайык, жергиликтүү жашоочулар Ак-Буура айылындагы бул постту коронавирустук инфекциянын айылга киришине жол бербөө үчүн орнотушкан.

- 1994-жылы туулган жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылды, - деп билдирет РИИБ. - 30 жаштагы эркек адам посттон өткөрүүсүн талап кылып ага кол салган. Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Шектүү кармалып, учурда көрсөтмө берип жатканы айтылды.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх