Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда гуманитардык жардам албай калган жашоочу ӨКМ кызматкерлери менен ыктыярчыларга кол салды (видео)

 Кийинчерээк ал кечирим сурап, жардамга муктаж экенин түшүндүргөн

Жалал-Абадда муктаж үй-бүлөлөргө гумжардам таратып жүргөн ӨКМ кызматкерлери менен ыктыярчыларга жергиликтүү тургун кол салган видеосу интернетте тарады.

Белгилүү болгондой 34 жаштагы эркек муктаж адамдардын тизмесине кошушкан эмес. Тизмеден өзүн таппай койгондон кийин ал жинденип, кол көтөрө баштаган.

Жергиликтүү РИИБде аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Майда бейбаштык» беренеси менен катталганын такташты.

Окуядан кийин тургун кечирим сурап, жардамга муктаж экенин, ошондуктан ушундай ишке барганын түшүндүрүп берген. Кичинекей наристесине жалаяк, ичкенге тамак-аштары жок экенин айткан.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх