Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция кызматкери коменданттык саат маалында кармалган окуучу кызды интимдик катнашка мажбурлаган

Жалал-Абад облусунда жашы жете электер менен иштөө инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад облусунда жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн иснпектору коменданттык саат маалында мектепте окуган окуучу кызды кармап, режимди бузганы үчүн камайм деп коркутуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына күч түзүмдөрүндөгү булактар билдиришти.

«Кара-Көл шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген инспектор 9-класта окуган кызды коменданттык саатты бузганы үчүн коркутуп, төшөк мамилесин сунуштаган. Кийин ал акча талап кыла баштаган. Ал 3-апрелде пара алып жаткан жеринен кармалды», - деп маалымдашты булактар.

Ошондой эле, кармалган инспектор эки айга убактылуу кармоо жайына камалганы белгилүү болду. «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Vesti.kg аймактын ОИИБнын басма сөз кызматына бул боюнча кайрылып, алар кармалуу фактысын ырасташты.

- Бизге аны Финполициянын кызматкерлери кармашканы гана белгилүү, башка маалымат бизде жок, - дешти мекемеде.

ЭКККМКнын басма сөз кызматынан азырынча жооп алууга мүмкүн болгон жок.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх