Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын кызматкери тойго барып коронавирус жугузуп алган

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов медициналык кызматкер кийин илдетти кесиптештерине жугузганын айтты

Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлери кичи ажылыктан келген коңшусунун тоюна барган кесиптешинен коронавирус жуктуруп алышкан. Бул тууралуу брифингде биринчи вице премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

- Бөлүмдүн бардык медиктерине илдет жуккан деген маалымат туура эмес, - деди ал. Ал жерде жалпысынан 11 дарыгер иштейт, алардан анализ алынып, вирус барбы-жокпу текшерилип жатат. Медициналык кызматкерлердин бири кичи ажылыктан келген кошунасынын тоюна барып, ошол жерден коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Ал оору жугузганын билбей жумушка бара берген жана кесиптештерин жуктуруп алган.

Боронов дезинфекция кылуу үчүн бөлүм эки күнгө жабылганын айтты.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх