Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дааваттан коронавирус жугузуп келген кыргызстандык үй-бүлөсү менен дарылануудан баш тартты

Нарын ШИИБ санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди

Социалдык тармактарда О.М. аттуу Нарындын жашоочусунун «үй-бүлөм менен коронавирустан дарылануудан баш тартам» деген видеосу тараган. Анда эркек адам медициналык каражаттарды пайдалануу, тескерисинче алардын абалы начарлап жатканын да айткан.

Нарын районунун Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору О.М. жаранына чара көрүүнү суранып, Нарын ШИИБне кайрылган.
2019-жылдын ноябрь айында Нарын шаарынын О.М. аттуу тургуну Пакистан Ислам республикасына дааватка барып, 2020-жылдын 15-мартында Лахор-Ташкент, Ташкент-Бишкек каттамы менен Кыргызстанга кайтып келген. Учуп келгенден кийин андан коронавирус табылып, ага чектөөлөр коюлган. Бирок, чектөө боюнча бардык суранычтарга карабастан О.М. санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган фактылар аныкталган.

Мындан сырткары, О.М. менен бирге аны менен тыгыз байланышта болгон Нарын шаарынын үч жашоочусунан 30-мартта коронавирустук илдет чыккан.

Жогоруда айтылган билдирүүлөрдө КРнын Кылмыш-Жаза кодексинин 280-беренесинде (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) каралган кылмыш иштеринин белгилери болгондугуна байланыштуу, 202-жылдын 3-апрелинде Нарын ШИИБ сотко чейинки өндүрүш баштаган. Учурда О.М. изоляцияда болгондуктан, бардык тергөө иш-чаралары ал айыккандан кийин жүргүзүлөт.

Учурда тергөө иш-амалдары жүрүп жатат.

Нарын облусунун ИИБнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх