Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте коменданттык саатты бузган төрт милиция кызматкери кармалды

ИИМ аталган факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди

Ушул жуманын башында коменданттык саат маалында милициянын төрт кызматкери кармалган. Мындай маалыматты ИИМ тастыктады.

Тартип коргоочуларынын айтымында автоунааны мас абалында башкарганы үчүн кармалган эки кызматкер Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Ленин району боюнча бөлүмүндө иштей тургандыгы аныкталган. Дагы экөө - күзөт полкунун милиция кызматкерлери.

Ал ортодо ИИМнин басма сөз кызматы аталган факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын маалымдады.

- Кызматык тартип эрежелерин бузуу фактылары боюнча териштирүү жүрүп жатат,- деп такташты алар.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх