Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте аялдамада орнотулган терминалды уурдаган шектүүлөр кармалды (фото)

Кармалган үч шектүү тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкектин Свердлов РИИБне 6-апрелде Т.Б. аттуу жаран кайрылып, Абрахманов көчөсүндө орнотулган баасы 1500 долларлык терминалды чынжырын кесип, ичиндеги 61 миң 600 сому менен жашыруун уурдап кетишкен белгисиз жарандарга чара көрүүнү суранган.
Аталган факт Свердлов РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, уурдоо беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кечээ милиция кызматкерлери тарабынан шаардын аймагынан шектүү М.К (1997-ж.т.), К.Ш. (1990-ж.т.) жана Ж.К. (1991-ж.т.) кармалышты. Алар тергөө кызматына жеткерилип, андан соң Бишкектин ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.

Учурда кармалгандардын борбор калаанын аймагында орун алган башка кылмыш фактыларына катыштыгы бардыгын аныктоо боюнча тергөө иштери жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Фото Бишкек комендатурасынын басма сөз кызматынан

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх