Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коронавирус дагы 42 кишиден чыкты. Алардын 16сы - дарыгерлер

Республика боюнча ооругандардын саны 419га жетти

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 42 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Бишкекте -10, Чүй облусунда - 6, Нарында - 9, Ош облусунда -9, Ошто -5, Жалал-Абад облусунда -2, Баткенде -1, - деп маалымдады ал. - Жалпы жонунан Кыргызстан боюнча 419 адамдан коронавирус аныкталды. Бир сутка ичинде ооруканалардан 13 бейтап чыгарылды.

Ооруканаларда 347 адам бар, алардын ичинен 11 бейтаптын абалы оор, алтоо - кайра жандандыруу бөлүмдөрүндө. Илдетти жуктуруп алганы аныкталган дарыгерлерден - 16 жаңы учур, алардын ичинен тогузу - Бишкектен. Коронавирус жуктурган дарыгерлердин жалпы саны - 79. Медиктердин көбү - аялдар.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх