Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Керек болсо Сооронбайды чакыр!». Кадамжайлык аял айылга киргизбей койгон посттогуларды ашата тилдеди (видео)

Милиция кызматкерлери «эр жүрөк» аялды таап, иликтөө баштады

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Шады айылынын кире беришинде орнотулган блокпостто жергиликтүү аял «айылга өткөргүлө» деп ызуу-чуу салган. Окуянын видоесу интернетте тарады.

Аял эч кимден коркпосун айтып, «Каалаганыңды чакыр! Керек болсо Сооронбайды чакыр!» , - деп кыйкырып жатканын угууга болот.

Баткен облусунун ОИИБнын басма сөз кызматы видеодогу аялды табышканын Vesti.kg сайтына маалымдады.

- Окуя үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде 11:30да Шады айылынын жанындагы блокпостто орун алган, - деп такташты милициядан. 34 жаштагы Халмион айылынын жашоочусу постто турган кызматкерлери тилдеп, өзү отурган унааны өткөрүүнү талап кылган.

Милиция бул факт боюнча иликтөө жүргүзүүдө.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх