Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

СИЗО-1де кармалган Эмилбек Кимсанов сабалды

Жубайы жолдошунун сүрөтүн чыгарды

Раимбек Матраимовдун мурда кол алдында иштеген Эмилбек Кимсанов СИЗО-1де сабалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди. Анын айтымында Кимсанов менен бир камерага жаткырылган абактагылар аны өлүм менен коркутуп жатышат.

“Түнкү саат үчтө мага купуялык шарты менен менин жактоомдогу Э. Кимсанов СИЗО-1де ур-токмокко алынганын, анын жанына жаткырылган үч адам аны өлтүрөбүз деп коркутуп жатышканын билдиришти. Мен нөөмөттөгү кызматкерге телефон чала баштадым, телефондон дем алыш болгондуктан текшерүү үчүн эч кимди жибере алышпай турганын айтып коюшту. СИЗОнун кызматкери эмнеге анда нөөмөттө турат?! Өкмөт менин жактоомдогу адамды абакка отургузса, демек анын ден-соолугу менен өмүрүнө түздөн түз жооп берет. Бул учурда нөөмөтчү дароо менин телефон чалуума реакция кылып, бул фактыны текшериш керек эле, иш күнүн күтүп отурбай!”, - деп жазган адвокат.

Мындан сырткары, Фейсбуктун колдонуучусу Mariya Mariya сабалган Кимсановдун сүрөттөрүн жарыялаган. Ал анын аялымын деп өзүн тааныштырган.

“10 -апрелде менин күйөөмдү тергөө ишине алып келгенде адвокат анын СИЗОдо сабалганын тастыктап сүрөткө тартып алыптыр. Ошондой эле, менин жолдошумдун баракчасынан ар кандай билдирүүлөр келиши мүмкүн экенин белгилегим келет. Аларга ишенбеңиздер сураныч. Анткени, ал кармалгандан кийин дароо телефону жоголуп кеткен жана азыр кимде экени белгисиз”, - ндеп жазган ал.

Эске салсак, Кимсанов Раимбек Матраимов андан «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновду «өлүүбү же тирүүбү» таап келүүсүн талап кылганын айтып чыккан. Анын видео кайрылуусун Али Токтакунов Инстаграмда жарыялаган.
Экс-бажычы мурдагы жетекчиси андан журналисттин жеке маалыматтарын жана Чехиядагы дарегин таап келүүнү талап кылып жаткан смс билдирүүлөрүн көрсөткөн.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх