Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Кыргызы мырки!". Бишкекте жаш кыз милиция кызматкерлерин ыплас сөздөр менен сөгүп, аларга кол көтөрдү (видео)

Тартип сакчылары кыздын документтерин текшерүүгө токтоткон

Бишкекте жаш кыз документтерин текшерүү үчүн токтоткон милиция кызматкерлерин оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, ызуу-чуу салган. Интернетте бул окуянын видеосу желдей тароодо, аны тартип сакчылары өздөрү тартканы божомолдонууда.

Милиция кызматкерлери кызды кечээ күндүз Орто-Сай базарынын жанынан токтотушкан. Анын жанында өздүгүн аныктоочу документтер жок болуп чыккан. Милиция бөлүмүнө өтүп, рапорт түзүү керектигин уккан кыз каршылык көрсөтүп, кол көтөрө баштаган.

Ачууланып «кыргыздардын баары мал, мырктар» деп бир нече ирет кыйкырган.

Эске салсак, ага чейин интернет айдыңында чуркоо үчүн чыгып, учурда жөнү жок эшикке чыгууга болбой турганын айтып токтоткон милиция кызматкерлерине жинденген башка кыздын видеосу жүктөлгөн эле.

(Абайлаңыз! Уят сөздөр бар! 18+)

Фото жана видео www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх