Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте милиция кызматкерлерин ашата сөккөн кыз 15 күнгө СИЗОго камалды

Ал тартип сакчыларына каршылык көрсөтүп, кол көтөргөнү үчүн бейбаштыкка айыпталууда

Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу жөө кайгуул учурунда 11-апрель, саат 17:30 чамасында Октябрь РИИБинин кызматкерлери Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен бет кап тагынбай көчөдө жүргөн 20-22 жаштардагы белгисиз кызды түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн токтотушкан.

Бирок, жаран оозго алгыз сөздөр менен сөгүнүп, милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийүүдөн баш тарткан. Кыз коомдук тартипти бузуп, өзүн абдан агрессивдүү көрсөтүп, милиция кызматкерине каршы кол да көтөргөн.

Мындан улам бул факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “бейбаштык” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Коомдук тартипти бузган кыздын аты-жөнү такталып, ал 1997-жылы туулган К.К. аттуу жаран экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Октябрь райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, 15 күнгө СИЗО-1ге камакка алынды.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх